Мекендешибиз Нурдин Букуев футбол боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда калыс катары кызмат кылат

Мекендешибиз Нурдин Букуев футбол боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда калыс катары кызмат кылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Аталган мелдеш Индонезиянын Жокьякарта шаарында 1-12-август аралыгында өтүп, Нурдин Букуев бир нече беттеште калыс болот. Бул Азия чемпиондугу Нурдин Букуевдин карьерасындагы 9-мелдеш.

Айта кетсек, клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн Оштун "EREM" командасы катышат. Анда "EREM" "С" тайпасында таиланддык "Чонбури Блувейв", катардык "Аль Салия" жана австралиялык "Вик Вайперс" командалары менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан