Каракол шаардык кеңешинин депутаттары мэр Данияр Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөттү. Шаардык кеңештин мындай кадамга баруусуна мэрдин бир жылдык отчётунун кабыл алынбай калганы түрткү болгонун SUPER.KG'ге 1-августта шаардык кеңештин жооптуу катчысы Эрмек Майрыков кабарлады. Анын айтымында, мэрге жалпы 31 депутаттын 28и ишенбөөчүлүк көрсөттү.
"Шаардык кеңештин 31-июлдагы жыйынына 30 депутат катышып, жыйын учурунда мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгеленди. Буга мэрдин 2017-жылы аткарган иши боюнча отчётунун кабыл алынбай калышы негизги себеп болду. Добуш берүү жашыруун түрдө өтүп, 28 депутат ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдоду. Тийиштүү токтом эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жиберилет", - деди Майрыков.
Арпачиев аталган кызматка 2016-жылдын май айында шайланган. Анын талапкерлиги шаардык кеңештеги КСДП жана "Табылга" фракциялары тарабынан сунушталып, 31 депутаттын 24ү "макул" деп добуш берген.