Укук коргоочу Калича Өмүралиева: "Азыр бизде каршы пикир айткандар бар, бирок накта оппозиция жок"

Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деген соболуна укук коргоочу Калича Өмүралиева жооп берди.

Анын айтымында, оппозициянын өзүнүн платформасы болуш керек. "Оппозиция өзүнүн платформасы бар күч болушу абзел. Өз оюн айта алуусу шарт. Азыр ким өз оюн айтып жатат? Айткандардын баарын камакка отургузуп коюшту. Эл коркот. Саясатта жүргөндөр болсо пикирин айтып чыкпай жатат. Эл өз бийлигине оппозиция болуп жүрсө, бул мамлекеттин шору да. Өмүрбек Текебаевди оппозиционер эле деп айтышат. Бирок ал да айрым маселелерде бийлик менен кызматташып кетмек. Мисалы, ЖЭБ маселесин келтирсек болот. Азыр бизде каршы пикир айткандар бар, бирок накта оппозиция жок", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Анвар Артыков, Дастан Бекешев, Сайдулла Нышанов, Зиядин Жамалдинов, Руслан Казакбаев жана юрист Эрик Рыскулбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан