Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу: Бүгүн Оштун "EREM" командасы алгачкы беттешин өткөрөт

Бүгүн, 2-августта Индонезиянын Жокьякарта шаарында футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу старт алып, анда Оштун "EREM" командасы алгачкы беттешин өткөрөт.

1-12-август аралыгында өтүп жаткан клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда 16 өлкөнүн чемпиондору катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыздын "EREM" командасы "С" тайпасына туш келип, таиланддык "Чонбури Блувейв", катардык "Аль Салия" жана австралиялык "Вик Вайперс" командаларына кез келген.

"EREM" командасы алгачкы беттешин катардык "Аль Салия" командасына каршы өткөрөт.

Айта кетсек, буга чейин Азия чемпиондугундагы "EREM" командасынын курамы белгилүү болгон.

"С" тайпасындагы беттештердин тизмеси:

1-тур, 2-август:

13:00. "Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Вик Вайперс" (Австралия);

17:00. "Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы).

2-тур, 4-август:

13:00. "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд);

17:00 "Вик Вайперс" (Австралия) – "Аль Салия" (Катар).

3-тур, 6-август:

17:00 "Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Аль Салия" (Катар);

17:00 "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Akmatov030
2018-08-02 10:43:29
Алга ерем
0
monster_high_98
2018-08-02 15:02:38
Ерем,женсе экен!
0
Akmatov030
2018-08-02 16:30:07
Кайсыдан корсок болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан