Орусиялык рэпер Тиматиге коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 20 миң рубль (21 миң 602) айып пул салынды. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, Тверь райондук соту рэпер Тимати менен ырчы Егор Криддин коомдук эрежени бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоп, аларга 20 миң рублдан айып пул салды. Бирок Тимати күнөөсүн моюнуна алган эмес. Ал "Биз Тверь районундагы Большая Дмитровка көчөсүндө жол тыгынын пайда кылган жокпуз. Ошондой эле жашоочуларга эч кандай зыян келтирген эмеспиз. Тескерисинче, аларга жакшы маанай тартуулаганбыз", - деген өз сөзүндө. Ал эми Егор Крид сотко келген эмес. Мындан улам ырчыга карата козголгон кылмыш иши улантылууда.
Эске салсак, Тимати менен Егор Крид 20-июндан 21-июнга караган түнү Тверь районундагы Большая Дмитровка көчөсүнө ак түстөгү жол тандабас менен келген. Алар унаасын көчөнүн чок ортосуна токтотуп, музыканын дабышын катуу чыгарган аппаратын коюп, өздөрү унаанын үстүнө чыгып алып этикага туура келбеген сөздөр менен рэп окуган. Алардын түшүнүксүз жоругу көчөдөгү жол тыгынын пайда кылып, тургундардын тынчын алган.
Коомдук эрежени сактабагандыгы үчүн Тимати менен Егор Крид Тверь РИИБи рэпер менен ырчыга карата кылмыш ишин козгогон.