Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө гемодиализ алган бейтаптар үчүн дары каражаттарын сатып алууга өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын кайрадан карап жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлап, буга бейтаптардын жаңы алынган дары каражаттардын сапатынан шек санап жаткандыгы себеп экенин билдирди.
Текшерүүнүн алкагында министр гемодиализ алган бейтаптар жана алардын жакындары менен жолугушуп, алардын пикирин уккан. Жолугушууда бейтаптардын жакындары гемодиализ алгандар үчүн сатып алына турган дары-дармектерди алуудагы тендердин алдын ала жыйынтыктарына каршы экенин айтышкан.
"Кызымдын бөйрөгү алмаштырылгандан 5 жыл өткөндөн кийин кайрадан иштебей калган. Андан бери 6 жыл өттү. Азыр дагы деле кызым гемодиализдин жардамы менен жашап жатат. Мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарындагы гемодиализдин сапаты начар. Башка өлкөлөрдө гемодиализ менен 25-30 жыл жашаса, бизде 7-8 жыл гана жашай алат. Бир нече жыл ичинде биз бир топ өлүмдөргө күбө болдук. Бейтаптарга керектелүүчү рекормон дарысынын ордуна репоитин дарысын бергени үчүн мамлекеттик мекемелерди соттон утуп алдык. Азыр биз дагы бир жаңы чырдын алдында турабыз. Анткени бизге рекормондун ордуна жакшы изилденбеген репоитин аттуу дарыны сунуштап, жадакалса биздин пайдабызга чечилбеген тендер да өткөрүштү. Анда дары каражаттары Индиядан алынат экен, буга чейин эле биз ал дарылардын сапатына нааразы болуп, кабыл алган эмеспиз, эми абал кайра кайталанып жатат", - деп билдирген бейтаптардын биринин апасы.
Буга жооп кылып саламаттыкты сактоо министри төмөндөгүлөрдү айтты:
"Бул жерде сиздердин гана эмес, тендердик комиссиянын да тагдыры чечилип жатат. Гемодиализдин жеңилдетилген акысын да төлөө оор болууда. Бул тууралуу көптөгөн адамдар келип жардам сурашат. Министрликтин милдети - бейтаптарды сапаттуу гемодиализ менен камсыз кылуу. Биз кандайдыр бир оюндардын курмандыгы болбошубуз керек. Атайын топ түзүп, бул абалды ар тараптан изилдеп чыгып, зарылчылык болсо тендерди кайрадан өткөрөбүз.
Азыркы учурда жеңилдетилген баада гемодиализ алуу үчүн 33 киши кезекте турат. Бейтаптардын жеңилдетилген дарылануусун кошумча каржылоо үчүн ушул жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тапшырмасы менен 68 миллион сом бөлүнгөн. Бейтаптардын арыздары атайын комиссия тарабынан каралган соң алар жеңилдетилген дарыланууга жөнөтүлөт. Жалпы жолунан 1 миң 171 адам дарыланууга жеңилдик алат. Учурда аталган кызматтар 10 мамлекеттик жана 13 жеке уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жатат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Анда белгиленгендей, тендерди өткөрүү учурунда эритропоэтиндерди сатып алуу боюнча эки арыз келип түшкөн. Бири - Индияда чыгарылган репоитин (альфа), экинчиси - Швейцарияда чыгарылган рекормон (бета) дарысы. Атайын эксперттер тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде эки дары тең техникалык талаптарга жооп бере тургандыгы аныкталган.
"Индияда чыгарылган дары - клиникалык эффективдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча рекормондон эч кандай айырмаланбайт. Ошондой эле альфа эритропоэтинин колдонуу үчүн эл аралык стандарттарга туура келген GMP жана СРР сертификаттары бар. Башкача айтканда, репоитин дарысы да рекормон сыяктуу эле бардык талаптарга жооп берет.
Эксперттик топ эл аралык "Кокрейн" уюмунун (медициналык технологиялардын жана дары-дармектердин сапатын, эффективдүүлүгүн изилдөөчү эл аралык коммерциялык эмес уюм) жана башка бир нече ишенимдүү булактардын маалыматтарын изилдеп көрүшүп, альфа жана бета эритропоэтиндеринин сапатын жана эффективдүүлүгүн текшерүү үчүн 56 клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, ага бөйрөк оорулары менен жабыркаган 15 миң 596 киши катышкандыгын аныкташкан. Жыйынтыгында жогорку эки башка дарыны колдонгондордун ортосунда эч кандай айырмачылык байкалбаганы маалым болгон.
Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында альфа жана бета эритропоэтиндерин колдонууда эч кандай терс таасир этүүчү көрүнүштөр катталган эмес", - деп жазылган маалыматта.