Саясат таануучу Эмил Жураев: "Атаандашсыз талапкердин көрсөтүлүшү шайлоо деген атка туура келбейт"

Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. SUPER.KG порталынын "Сиз бул демилгени колдойсузбу?" деген соболуна саясат таанычуу Эмил Жураев жооп берди.

Саясат таануучунун пикиринде, коомго анча таанымал эмес адамдын мэрлик кызматка атаандашсыз көрсөтүлүшү шайлоонун табиятына туура келбейт. "Жарандык активисттер көтөрүп жаткан демилгени туура деп ойлойм. Талапкерлерди алып чыккан демилгечилердин сунушу мэрлик жумушка каршы келип жатат. Анткени Бишкектеги эң чуулгандуу иштер жер маселесине барып такалат. Ал эми мэрликке талапкер Азиз Суракматов дал ушул тармакта иштеп, эл ичинде ар кандай сын-пикирлер айтылып жүргөн адам. Мындан сырткары бул кишинин алгылыктуу аткарган иши, сүйлөгөн сөзү деле белгисиз. Бишкектин мэри кеминде премьер-министрге тете келген кызмат болуп эсептелет. Анан ушундай чоң кызматка коомго анча таанымал эмес адамдын атаандашсыз көрсөтүлүшү уят иш. Альтернативасы жок шайлоолор буга чейин да болуп келген. Анын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Кадр тандоодо эл алдында көрүнүктүү иши, тажрыйбасына карап эмес, кайсы бир саясий топторго кызмат кыла турган адамдар көрсөтүлүүдө. Чынында Бишкек мэрине татыктуу кадрлар бар, алар көрсөтүлбөй жатат", - деди Жураев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Кадралиев, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде. шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан