Бишкектин "Илбирс" футболдук клубу өлкөнүн мыкты бомбардири Антон Землянухин менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун басма сөз катчысы билдирди.
Анын айтымында, клуб менен Антон Землянухиндун ортосундагы келишим 2018-жылкы сезондун аягына чейин түзүлдү. Анын негизинде Антон Землянухин "Илбирс" футболдук клубу менен 10 беттешке катышат.
"Антон Землянухин менен казакстандык "Атырау" футболдук клубунун ортосундагы кызматташуу аяктап Землянухин өлкөбүзгө келди. Өлкөбүздө жайкы трансферлердин убактысы аяктап калганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын аткаруу комитети чечим чыгарды. Анда Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Антон Землянухинге Азия Кубогуна натыйжалуу даярдануу үчүн "Илбирс" клубуна өткөнгө уруксат берилди", - деп айтты басма сөз катчы.
Эске салсак, буга чейин 2018-жылдын февраль айында Антон Землянухин казакстандык "Атырау" футболдук клубу менен келишим түзгөн.