Билим берүү жана илим министри Канат Садыков ЖРТ аркылуу ЖОЖго бюджеттик орунга өтүүчү балл 110дон ылдыйлабашы керектигин айтты
"Жалпы республикалык тестирлөө аркылуу университетке бюджеттик орунга өтүү баллы 110дон төмөн болбойт",- деди билим берүү жана илим министри
Канат Садыков
28-июнда . Билим берүү жана илим министрлиги койгон чектөөлөр аткарылбаса,
бүтүрүүчүлөр бюджеттик орун алууга мүмкүндүк болбойт. Бирок ЖРТны баалоодо
айылдан келген бүтүрүүчүлөр эске алынып алар үчүн университетке өтүү баллы 95
болот. Белгилей кетсек, быйылкы жылдагы тестте химия, физика, математика
сабактарынын жыйынтыктары 2 жыл мурункуга караганда жакшы болду.