Бүгүн, 2-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражат чогулат деп 3-июлда ачылган эсепке 255 миллион сомдон ашуун акча чогулду. Бул тууралуу маалыматты 1-августка карата Каржы министрлиги билдирди. Көрсөтүлгөн сумманын 63 миллион сомдон ашыгын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, 132 миллион сомдон көбүрөөк каражатты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, 59 миллион сомдон ашык каражатты Башкы прокуратура, 533 миң 100 сомду Ички иштер министрлиги которгон. Көрүнүп тургандай, эң эле көп сумма УКМК, ал эми эң эле аз сумма ИИМ тарабынан өндүрүлгөн.
Эске салсак, 27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өкмөт анын сунушу менен атайын эсеп ачканын билдирген. "Мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдагандар эртедир-кечтир элдин ырыскысын кайтарат. Ачылган эсепке УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүргөн акчаны которушат” деген ал.
Соңку ай ичинде Каржы министрлиги күн алыс же күн сайын эсепке канча акча которулуп жатканы тууралуу маалыматты таратып жатат. Тек гана цифралар, андан ары сумманын чоо-жайын түшүндүргөн маалымат жок. Бул миллиондор кайсы кылмыш иштерин ачуудан же кандай коррупциялык схемаларды жок кылуудан, кайсы адамдар же фирмалардан өндүрүлүп жатканы белгисиз. Бирдиктүү атайын эсеп ачуунун максаты – коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн акчанын көлөмүн жана анын кайсы орган тарабынан өндүрүлгөнүн ачыкка чыгаруу болчу. Буга чейин ал маалымат көрсөтүлчү эмес. Акчаны которуп жаткан мамлекеттик органдар болсо, коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшүп жатат деген миллиондордун чоо-жайы жөнүндө маалыматтын жабык экендигин, коомчулукка жарыяланбай турганын айтып кутулуп жатат. Ачык-айкындуулук жок болсо, анда күн сайын көбөйтүлүп көрсөтүлүп жаткан сумманын өзү да коомчулукта шек жаратпай койбойт.
Мурда экономикалык жана кызматтык кылмыштардан өндүрүлгөн каражат Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын атайын эсебине түшүп келген. Ал каражаттын ичинен ар бири өзү которгон суммадан 25 пайызын УКМК, ал эми Башкы прокуратура, ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 30 пайызын алат. Өндүргөн тараптын эсебине кайра которуу мыйзамда каралган. Буга чейин деле, азыр деле коррупцияга каршы күрөшүүдөн өндүрүлгөн акча бюджетке түшөт. Ошондо айырмасы – акчанын атайын эсеп аркылуу которулуп жатканы элеби? Же башкабы?
Дагы бир жагдай суроо бойдон калууда. Каржы министрлиги соңку ай ичинде коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражатты жарыялап жатканы менен салыштыруу үчүн буга чейинки ушул эле иштер боюнча өндүрүлгөн акчанын көлөмү тууралуу маалыматты жарыялай элек. Алсак, июль айында 255 миллион сом болсо, анда июнь айында канча эле, май айындачы? Бир жыл мурда бул көрсөткүч кандай эле? 2, 5 жыл мурунчу? Көп беле, же азбы? Тиешелүү мамлекеттик органдарда да бул суроолорго жооп азырынча жок. Жообу жок суроолор көбөйгөн сайын дегеле бул акчалардын да бар-жогу суроо жарата баштайт...