Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Москвада окуп жүргөн студенттик күндөрүндө көчө шыпырып иштегени үчүн уялбаганын айтты. “Мен бала чагымда сугатчы болуп иштеп ата-энеме жардам бергем. Москвада окуп жүргөндө көчө шыпырып иштегем. Түнкүсүн тексттерди которуп, ошону менен жашоого акча тапкам. Мен бул нерседен уялбайм жана жаш кезимде өз алдымча иштегеним үчүн сыймыктанам. Бул нерсе мени жашоого даярдады”,- деди президент бүгүн, 28-июнда мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүн жана президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди сыйлоо аземинде. Алмазбек Атамбаев жаштарга кайрылып жатып, өлкө аларга ишенерин жана жаштар куруучулардын жаңы мууну экенин баса белгилеп өттү.