"Манчестер Юнайтеддин" башкы машыктыруучусу Жозе Моуринью Криштиану Роналдунун "Реалдан" кетиши боюнча пикирин билдирди

"Криштиану Роналдунун клубдан кеткени, албетте, "Реал Мадрид" үчүн жоготуу". Мындай пикирин "Манчестер Юнайтед" клубунун башкы машыктыруучусу Жозе Моуринью билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Моуринью 2010-2013-жылдары испаниялык "Реал Мадрид" клубунун машыктыруучусу болуп иштеген.

"Роналдунун кандай экенин баары билет. Ошол эле учурда "Реалдын" да кандай экенин билишет. Албетте, Роналдунун кетиши "Реал" үчүн жоготуу. Бирок бул клуб ар бир күчтүү оюнчудан жогору турат", - деген Моуринью.

Эске салсак, Криштиану Роналду 2018-жылдын 10-июлунда "Рел Мадрид" клубунан италиялык "Ювентуска" өткөн. Анын бул трансфери 112 миллион еврого бааланган. Роналду испаниялык клубда 2009-жылдан бери ойноп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
monster_high_98
2018-08-03 10:04:19
Ак соз!
-1
Meni_unut
2018-08-03 10:15:46
Перес адашты да
-2
Tyty1990
2018-08-03 10:20:33
Бир аз эрте кетти. Жок дегенде дагы бир сезон ойносо болмок. Асенсио менен иского ишенем. Реал албетте бир оюнчуну карап калбайт.
-3
Azat.97
2018-08-03 10:42:05
Ронндун ордун Иско басат
-1
nemo2016
2018-08-03 13:03:05
КЫЙЫНДАН КЫЙЫН ЧЫГАТ РЕАЛГА ДАГЫ БИР ЖЫЛДЫЗДЫ ЧЫГАРСЫН БОЛБОСО КЫЗЫКСЫЗ БОЛУП КАЛАТ ЭЛКЛАССИКО
-1
kgboy00
2018-08-04 01:21:45
nemo2016,туура айтасыз.Роналдосуз элклассиконун
кызыгы деле жок.
-3
Rasul94
2018-08-03 15:28:00
Жозе да ичи атышып не дешин билбей жатат.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан