КҮНСЕРЕП: Кыргызга дагы 4 миллион евро карыз илинет

Бүгүн, 3-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкөнүн тышкы карызы дагы 4 миллион еврого көбөйөт. Президент Сооронбай Жээнбеков Европа өнүктүрүү банкынан 6 миллион евро алуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул акчанын 4 миллиону карыз, 2 миллиону грант түрүндө алынат. 6 миллион евро азыркы тапта 470 миллион сомдун тегереги. Бул акчага "Чыгыш электр" ишканасы 32 миӊ даана "акылдуу эсептегич" сатып алат деп жатышат.

Акыркы 27 жылда өлкө энергетика системин оӊдоого деп 1 миллиард доллар карыз алган. Бирок систем эмес, бир топ чиновниктер бутуна турушту. Алынган насыяларды өкмөт кантип иштетип жатканы Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаӊылоо ишинде ачык көрүндү. "Чыгыш электрдин" өкүлдөрү 32 миӊ аппарат сатып алуу үчүн консультация кызматына эле 300 миӊ доллар коротушмакчы. Бул сумма Жогорку Кеӊеште депутаттарда суроо жараткан. Депутат Төрөбай Зулпукаров "биз буюм сатып алууда да бирөөнүн консультациясына муктаж болуп калдыкпы? Мамлекеттен айлык алып отурган адистер эмне иш кылышат?" деп аткаминерлерди сынга алган. Бирок "Чыгыш электрдин" өкүлдөрү 300 миӊ доллар кантип жумшаларын так айтып бере албай коюшкан.

Системди кризистен сууруп чыгуу үчүн сөзсүз электр энергиясын товар катары рынок баасында сатуу керек. Өкмөттө, Жогорку Кеӊеште, энергетиктер арасында ушундай пикирдегилер бар. Алар ГЭСтер иштеп чыккан электр жарыгын социалдык баада сатууну уланта берүү тармакты биротоло талкалашы мүмкүн дешет. Парламент депутаты Айтмамат Назаров элге азыркы 700 киловаттык лимитти, анын тыйындык баасын да калтырып, өндүрүш ишканалары үчүн тарифти көтөрүү керек дейт. Өкмөт Өзбекстанга суу байлыгын кармата берип, өзү тармакты оӊдоого акча таппай отурат деп сындагандар да бар. 2017-жылы Кыргыз бийлиги "Орто-Токой" суу сактагычын Өзбекстан менен ортолукта пайдаланууну чечкен. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстандын жардамы менен куруу планын жар салган.

2014-жылы Кыргыз жеринде электр энергиясынын жаӊы тарифи бекитилген. Ага ылайык, эл 700 киловатт-саатка чейин колдонсо, электр жарыгы үчүн 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөөгө өткөн. Ал эми светтин баасы жыл сайын 20 пайызга өсүп турмак. Бул чечим сынга алынып, 2015-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тарифтерди кайра карап чыгуу тапшырмасын берүүгө аргасыз болгон. Ошентип ал жылы баа 20 эмес, 10 пайызга көтөрүлүп, 77 тыйынды, өндүрүштүк ишканалар үчүн 2 сом 24 тыйынды түзгөн. 3 жылдан бери электр жарыгына баа көтөрүлө элек, эл 700 киловаттык лимит үчүн 77 тыйындан, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөп жатат.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы өкмөт башчылыкка шайланып жатканда тарифтерди өзгөртүү учурдун талабы деп, "ансыз эскирген жабдууларды жаӊылоого бюджетте акча жок" деген. Бирок президент Жээнбековдун тандоосу менен өкмөт башчылыгына шайланган Мухаммедкалый Абылгазиев жакында "электр энергиясынын баасын көтөрүү жөнүндө сөз да болбошу керек" деди. Бул өйдө тартса өгүз өлүп, ылдый тартса араба сынбасын деген жасалма саясатпы? Ал канчага чейин созулат? Тарифтерди көтөрүүдөн мурун уурдоолор, коррупциялык схемалар жоюлдубу? Бул суроолорго жооп табылганга чейин сырттан насыялар алынып, алар өлкөдө жаӊы коррупциялык схемаларды, жаӊы коррупционерлерди жаратууда...

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда Балыкчы-Каракол жолуна чектөө киргизилет. Маалыматка таянсак, чектөө оор жүк ташуучу унааларга, автобустарга жана кичи автобустарга, айыл чарба техникаларына киргизилет. Оюндар 2-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

Көчмөндөр оюну алгачкы жолу 2014-жылы, экинчи жолу 2016-жылы өткөн. Өкмөт бул иш-чаранын максаты - дүйнөгө көчмөн элдердин маданиятын даӊазалоо, өлкөгө турист тартуу деп келет. Жыйынтык барбы? Акыркы 4 жылда Кыргыз жерине келген туристтердин санына көз жүгүртсөк. Туризм департаментинин маалыматы боюнча, 2014-2015-жылдары өлкөгө 4 миллиондон ашык турист келген. 2016-жылы 3 миллион 800 миӊдей турист келген. Ал эми 2017-жылы өлкө босогосун 3 миллион 900 миӊден ашык турист аттаган. Көрүнүп тургандай, туристтердин агымында кескин секирик байкалбай эле. Балким, кеп өлкөнү таанытууда эмес, сырттан келген жарандарга шарт түзүүдөдүр? Жакында журналист Улан Эгизбаев көрүнүктүү пансионаттардын биринде сууга чөгүп каза болду. Эс алуучу жайларда коопсуздук чаралары жетиштүү көрүлбөгөнү, жоопкерчиликтин жоктугу, сууга чөккөндөрдүн көбөйүшүнө себеп болууда. Жакында Ысык-Көлдө жергиликтүү таксист орусиялык туристти, анын кызын кошо сабап салып, милиция эмдигиче аны таппай жүрөт.

Өкмөт өлкөнү ошончо миллиарддарды коротуп даӊазалап жатып, туристтердин коопсуздугун камсыз кыла албаса, тейлөө шарттарын жакшыртпаса, туристтердин агымын өстүрө алабы?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан