Орусиянын Эл артисти, куудул, алып баруучу Евгений Петросян менен жубайы, актриса Елена Степаненко ажырашып, чогуу тапкан мүлктөрүн сот аркылуу бөлүшүп алат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, 4-июнда Москванын Хамонов сотуна актриса Елена Степаненко арыз менен кайрылган. Анда актриса Петросян менен чогуу жашаган жылдар аралыгында тапкан мүлкүн бөлүштүрүүнү суранган. Елена Степаненконун арызын кароо 6-августка белгиленген.
Ал эми Евгений Петросян орус маалымат каржаттарынын бирине: "Жубайымдын мүлк талашуусу боюнча эч кандай маалыматым жок. Бул тууралуу уккан дагы эмесмин. Бул кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыкса керек", - деп билдирген. Ошондой эле куудул аялы менен ажырашкандыгы тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал: "Комментарийсиз. Менин жашоомдо эмнелер болуп жатканы силерге канчалык кызык?" - деп тим болгон.
Акыркы жылдары эки артисттин ажырашуусу тууралуу маалыматтар жергиликтүү басмылмаларга байма-бай чыккан. Бирок атактуулар жеке жашоосу, ажырашуусу тууралуу үн катпай келген.
Маалымат үчүн: Орусия Эл артисти, куудул Евгений Петросян 1945-жылы 16-сентябрда Азербайжанда төрөлгөн. Алгач театр сахнасында спектаклдерде роль жаратып, монолог окуган. Кийинчерээк куудулдарды камтыган театр түзгөн. Куудул 4 ирет үйлөнгөн. Төртүнчү жубайы Елена Степаненкого 1986-жылы үйлөнгөн.
Елена Степаненко - Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, актриса 1953-жылы 8-апрелде Сталинградда төрөлгөн. Чыгармачылык жолун спектаклдерде ойноодон баштаган. Мындан тышкары белгилүү актёр, актрисаларды ийине жеткизе туурап, куудулдук өнөрү менен дагы таанылган. Тасмаларда роль жараткан. Елена Степаненко эки жолу турмушка чыккан.