Эксперт Руслан Акматбеков: "Бизнес-акыйкатчы институтун түзсөк эле бардык көйгөйлөр чечилип кетпейт"

Өлкөдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлгөнү жатат. SUPER.KG порталынын "Инвесторлор менен ишкерлерди укук коргоо органдары коргошу керек эмеспи?" деген соболуна экономика боюнча эксперт Руслан Акматбеков жооп берди.

Ал ишкерлердин көйгөйүн көтөрүп чыккан аянтчалар көп болгонуна карабай эч кандай маселе чечилбей жатканын айтты.

"Бизде ар бир көйгөй үчүн бир министрлик же комиссия түзүп алган жаман адатыбыз бар, бул деле ошондой сезилет. Бирок таптакыр эле мунун салымы болбойт деп айтканга болбойт. Жардамы тийиши мүмкүн. Ушул сыяктуу Бизнес-акыйкатчы институтун түзсөк эле бардык көйгөй чечилип кетет деген түшүнүк туура эмес. Өлкөдөгү бардык бизнес ассоциациялары бизнес-акыйкатчы милдетин аткарып, өкмөт менен ишкерлердин, ишкерлер менен коомдун ортосунда кандайдыр бир байланыш түзүп келишет. Өлкөдөгү ишкерлердин көйгөйүн көтөрүп чыккан аянтчалар да көп бар. Бирок эч кандай маселе чечилбейт. Жаңы келген ар бир өкмөт ушул маселени чечүү үчүн аракет кылып баштайт. Өкмөт алмашкан соң бул маселе калып калат. Биздеги эң чоң көйгөй ишкерлер менен бийликтин ортосундагы ишенимдин жоктугу. Ишкерлер көбүнчө мамлекеттик мекемелер менен иштешпөөгө аракет кылат. Ал эми укук коргоо органдарына карата алар кылмыштуу топтор менен биргелешип иш жүргүзөбү деген күмөн саноо бар. Биздеги мыйзамдар жана мамлекеттик машина ишкерлер кандайдыр бир катачылык кетирсе, аны дароо жазалаганга багытталып калган. Бул туура эмес, иш болгон жерде катачылык болот, ар бир ишкер жаңылат. Ишкердик чөйрөдөгү башкы маселе бийликтин, ишкердин, коомдун бири бирине карата ишениминин жок экендигинде. Ишеним болбогон жерде экономиканын иштөөсү да чабал болот", - деди Акматбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, мурунку акыйкатчылар Турсунбай Бакир уулу, Бактыбек Аманбаев, мурунку премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов, ишкер Эмил Үмөталиев, жарандык активист Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан