Өлкөдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлгөнү жатат. SUPER.KG порталынын "Инвесторлор менен ишкерлерди укук коргоо органдары коргошу керек эмеспи?" деген соболуна мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун пикири төмөндөгүчө болду.
Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, бул болгону өнүккөн өлкөдөн көчүрүлгөн сунуш. "Бизнес-акыйкатчы институту эч кимге кереги жок институт. Батыштан же болбосо Орусиядан көчүрмө алабыз дешсе, анда биздин экономиканы да ошондой жогорку деңгээлге көтөрүш керек. А биздин экономика өзү араң жүргөндө Бизнес-акыйкатчы институтунун түзүүнүн кереги жок. Бул болгону көчүрүлгөн эле нерсе. Ишкерлердин укугун коргоону укук коргоо органдары, Акыйкатчы институту деле чечип коёт же болбосо Акыйкатчы институнун алдында деле атайын ушул багытта бөлүм түзүп койсо жетиштүү", - деди Бакир уулу.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, мурунку акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, мурунку премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика боюнча эксперт Руслан Акматбеков, жарандык активист Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.