Жарандык активист Азамат Аттокуров Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү демилгеси боюнча: "Бул институт түзүлсө анын башчысын өкмөт эмес, бизнес ассоциациялар тандашы керек"

Өлкөдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлгөнү жатат. SUPER.KG порталынын "Инвесторлор менен ишкерлерди укук коргоо органдары коргошу керек эмеспи?" деген соболуна жарандык активист Азамат Аттокуров жооп берди.

Аттокуровдун айтымында, азыр ишкерлерге карата мамлекет тарабынан ыксыз текшерүүлөр азайып калган. "Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү демилгеси өкмөттүкү эмес. Бул мурда эле айтылып келе жаткан. Мен бул идеяны колдойм. Эгер бул институт түзүлсө анын башчысын өкмөт эмес, бизнес ассоциациялар тандашы керек. Өлкөдө ишкерлердин укугун Конституция боюнча президент коргошу керек. Кийин сот, укук коргоо органдары коргоого тийиш. Азыр ишкерлерге карата ыксыз текшерүүлөр, бут тосуулар азайып калды. Прокуратуранын да кийлигишүүсү азайды. Бирок дале ири инвесторлордун укуктары корголбой келет. Буга кен казганы келген инвесторлордун окуяларын мисал келтирсек болот", - деди Аттокуров.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, мурунку акыйкатчылар Турсунбай Бакир уулу, Бактыбек Аманбаев, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика боюнча эксперт Руслан Акматбеков, мурунку премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан