Бүгүн, 4-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата 2-ГЭСин калыбына келтирүү жана реконструкциялоо иштери менен таанышып, ошону менен катар Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барат.
Муну менен бирге премьер-министр дыйкандар менен жолугушуп, Бишкек-Ош унаа жолунун тилкесине барат. Ошондой эле Кара-Көл шаарындагы оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн салынып, учурда куруу иштери токтоп турган турак үйдүн абалы менен таанышат.