Кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабарлады. Буга айыпталуучунун ден соолугу начарлаганы себеп болду. Жактоочунун айтымында, Көлбаев башы ооруп дарыгерлерге кайрылганда, ал толугу менен медициналык текшерүүдөн өтүүсү зарыл экенин дарыгерлер айтышкан. Буга чейинки эки отурум да Көлбаевдин ден соолугуна байланыштуу болбой калган болчу. Кошумчалай кетсек, Камчы Көлбаевге “кылмыштуу топ түзгөн”, “курал жана маңзат сактаган”, “бийлик өкүлүнө күч колдонгон”, “адам уурдаган жана анын денесине залал келтирген” деген сыяктуу 10 берене боюнча айып тагылууда. 39 жаштагы Көлбаев өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келет.