ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында “Экстремист” аттуу операциясы жүргүзүлдү. Анда “Хизбут-Тахрир” диний уюмунун Ош облусундагы Кара-Суу району боюнча активдүү мүчөсү, 42 жаштагы М.У. аттуу жарандын үйү тинтүүгө алынып, натыйжада 32 даана китепче, 12 даана DVD диск, 14 баракча, 1 даана аудио кассета, 1 даана видео кассета жана 6 даана өтүлгөн сабактар жазылган кол дептерлер табылган. Учурда далил буюмдар табылган бул турак жай “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик агымынын идеясын окутуп-үйрөтүүчү жай катары пайдаланып келгендигин тактоо максатында ыкчам тергөө иштер жүргүзүлүүдө.