Ит, мышыгына Инстаграмдан жеке баракча ачып берген жылдыздар

Дүйнөгө белгилүү атактуулардын жашоосу менен Инстаграм аркылуу таанышып келебиз. Адатта жылдыздар кийген кийимин, жеген тамагын, эс алуусун сүрөт, видео түрүндө аталган баракчага жүктөп турат. Бирок айрым жылдыздар үй жаныбары үчүн өзүнчө баракча ачып, жүздөгөн катталуучуларды топтоп келет. Алардын бири - британиялык ырчы Эд Ширан.

Эң бай ырчылардын катарын толуктаган Эд Ширан жакында эле Калиппо жана Дорито деген мышыктарына атайын баракча ачкан. Ырчынын күйөрмандарына үй жаныбарлары жаккан өңдөнөт. Калиппо менен Доритонун баракчасына 24 сааттын аралыгында 140 миң адам катталган. Учурда 285 миң катталуучу бар жана бул сандык көрсөткүч өсөрү анык.

Ал эми 2016-жылы украиналык ырчы Настя Каменских Мими аттуу итине Инстаграм баракчасын ачкан. Анда ырчы итинин сүрөтүн, видеолорун жүктөгөн. Миминин алгачкы видеосу "апамдын бир нече көз айнектери бар. Мен алардын бардыгын тагынып көргүм келет" деген аталышта чыгып, бир күндүн ичинде 2 миңден ашуун кароо топтогон.

Америкалык ырчы Жастин Бибер дагы Тод аттуу итинин жылдыз болушуна мүмкүнчүлүк түзүп берген. Тагыраагы, мындан 2 жыл мурда ырчы Инстаграмдан итине баракча ачкан. Ага бир күндө 23 миң адам катталган. Аталган баракчага Тоддун бир эле сүрөтү жүктөлүп, 17 миңден ашуун "жакты" белгисин топтой алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vikidiki
2018-08-06 15:01:04
Копконунон эмне кылаарын билишпейт.
+1
bond02
2018-08-06 16:29:03
Экоонун айырмалары деле жок да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан