ЖЫЛНААМА, 6-АВГУСТ: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова 46 жашка толду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында туулган. Ал 1989-1991-жылдары Фрунзе соода техникумунун укук таануу бөлүмүн аяктап, 1991-1996-жылдары КМУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.

1992-1997-жылдары Бишкек коммерциялык колледжинде, Чүй жана Кыргыз улуттук университеттеринде окутуучу;
1997-2008-жылдары Жогорку Кеңеште юридикалык эксперт;
2008-2010-жылдары Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
2010-жылы (апрель-декабрь) юстиция министри
2011-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү;
2011-2015-жылдары башкы прокурор;
2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Быйыл Саляновага чыккан соттун чечиминин негизинде ал мандатынан ажыратылган.
Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.
6-августка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан