Бүгүн, 28-июнда саат 10:30 чамасында Таш-Көмүр - Кербен - Ала-Бука унаа жолунун 44-46-чакырымында таш кулап, унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыр тарткандар жок. Жолду таштардан тазалоо үчүн тийиштүү техникалар тартылып, учурда иш жүрүүдө.