КҮНСЕРЕП: Калкты "эзүүчү" салык өсөбү?

Бүгүн, 6-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өкмөт өлкөдө салыктын бир түрүн кымбаттатмакчы.

Экономика министрлиги накталай түрдө төлөм жүргүзгөн ишкерлер үчүн сатуу салыгын 2 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштап чыкты. Министрлик демилгенин максаты – көмүскөдөгү бизнести азайтуу, ишкерлерди накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өткөрүү дейт.

Сатыктан алынуучу салык Кыргызда кантип иштейт?

Мурда кошумча нарк салыгын (КНС) төлөгөн же андан бошотулган ишкерлер соода үчүн 1 пайыз, тейлөө, кызмат көрсөтүүдөн 2 пайыз сатык салыгын төгүп келишкен. Мисалы, ишкер 1 даанасы 10 миӊ сом турган 10 муздаткыч сатып, аларды жеткирип берүү кызматы үчүн 1000 сомдон алса 110 миӊ сом табат. Ишкер соода үчүн (1 пайыз) 1000 сом, ал эми тейлөө көрсөтүү кызматын сатканы үчүн (2 пайыз) 200 сом, жалпы 1200 сом сатык салыгын төлөөгө тийиш эле. 2015-жылы өлкөнүн Салык кодексине өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 2016-жылдын 1-июлунан тарта соодадан же кызмат көрсөтүүдөн киреше таап, бирок накталай эмес төлөм жүргүзгөн ишкерлер сатуу салыгынан бошотулган. Өкмөттөн “бул бизнести таза иштөөгө түртөт, анткени эсепке банк аркылуу түшкөн кирешени салыктан жашырууга болбой калат” дешкен. Бул жеңилдикти бизнесин жашырбагандар ошол өзгөртүү киргенден тартып эле колдоно башташты. Бүгүн өкмөт накталай эмес акча жүгүртүүнүн деӊгээли өсүп жатканын билдирүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылы накталай эмес төлөмдүн үлүшү 35,3 пайызды түзсө, 2018-жылдын биринчи кварталында 44,2 пайызды түздү.

Өкмөттүн салыкты көтөрүү сунушу кызуу талкууга түштү.

Экономист Азамат Аттокуров импорттон көз каранды Кыргыз өлкөсү үчүн бул аракет терс таасирин тийгизет дейт. Биринчи кезекте өкмөт таза иштеген компанияларга, элдин капчыгына сокку урат деген пикирде. Көп жыл Японияда жашап келген Сейтек Качкынбаев Японияда бул ыкма оӊ натыйжа бербегенин айтат. Айтымында, 2014-жылы Япония сатык салыгын 5 пайыздан 8 пайызга көтөрүп, бирок 1 жыл ичинде соода жүгүртүүнүн көлөмү түшүп кеткен. Качкынбаев салык өскөн сайын соода солгундап, жумуш орундары кыскарып, бизнес мокоп, экономикалык өсүш басаңдайт деген ойдо. Экономист Айылчы Сарыбаев сатуудан түшкөн салык дүйнөдө эзүүчү салык деп эсептелерин, аны көтөрүүдөн баалар кымбаттап элдин жакыр катмары кыйнала турганын айтат. Байлар салык төлөбөй койгону үчүн көмүскө экономика күчөп, өкмөт анын зыянын элге салык кылып чачуу менен толтурууну көздөөдө дейт Сарыбаев. Өкмөттүн соӊку аракеттери казынага кошумча акча түшүрүүнүн аргасы өӊдүү көрүнүүдө. Адегенде, бишкектиктер үчүн таза суунун тарифин көтөрүү сунушталды. Көп өтпөй уюлдук телефондорду каттоо үчүн ар биринен 100 сомдон төлөм алуу демилгеси талкууга коюлуп катуу сындарга туш болду. Эми салыкты көбөйтүү демилгеси коомдон колдоо таппай турган учур.

Көмүскө экономиканы салыкты көтөрүүлөр менен эмес, бизнеске жеӊилдик берүү, ыңгайлуулук түзүү аркылуу жоюу керек деген пикирлер бар. Буга чейин өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизүү планын жар салган. Азырынча документ даярдалып, кол коюла элек. Банк же карточка аркылуу төлөм жүргүзүүгө Бишкек, Ош өӊдүү шаарларда шарт бар. Ал эми алыскы Ат-Башы менен Чаткалда эл менен ишкерлердин накталай эмес эсептешүүсүнө өкмөт мүмкүнчүлүк түздү беле? Экономика министри Олег Панкратов сатыктан алынуучу салыкты 5 пайызга көтөрүү көп талкуудан кийин кабыл алынган чечим болду дейт. Бүгүн ишкерлерге "накталай төлөм жүргүзөм десеӊ, салыкты көп төлө" деген талап коюлууда. Аймактарда накталай эмес соода жүргүзүүгө тийиштүү шарт жок. Эл кымбатчылыкка даярданышы керек өӊдөнөт...

Бишкек мэрин шайлоо темасы талкуудан түшө элек.

Борбор шаарда жарандык активисттер "Мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулашты. Жыйынга Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Кубатбек Байболов өӊдүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Адатта оппозиция уюштурган жыйындарга мамлекеттик органдын жетекчилери көп катыша бербейт. Бул жолу Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин, ошондой эле өкмөттөн өкүлдөр катышканы жаӊылык болду. Равшан Жээнбеков "бийлик өкүлдөрү мындай жыйындарга келишпейт. Бүгүн келишиптир, алардын жеке өзүнө сын айтпайлы. Эгер өздөрүнө асыла берсек, экинчи басып келбей коюшат" деп Кененбаевди ачуу сындардан калкалап жатты. Жыйынга Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер Азиз Суракматов да чакырылган, бирок келген жок. Парламент депутаты Кенжебек Бокоев айыл өкмөт башчыларын шайлоо эрежесин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун иштен чыгып, парламентке сунуштаган. Ага ылайык, "Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө" мыйзамга жаӊы нормалар киргени жатат. Мисалы, айыл өкмөт башчысын эл түз шайлайт. Бул кызматка жаран өзүн-өзү талапкер кылып көрсөтсө болот. Мыйзам Жогорку Кеӊеште 1-окуудан өттү, 2-окууда мэрлерди да түз шайлоо нормасын киргизүү керек дейт депутат. Азыркы мыйзам боюнча, мэр кызматына талапкерди шаардык кеӊештеги башкаруучу коалиция, оппозициялык фракциялар жана премьер-министр көрсөтө алат. Айыл өкмөт башчысын айылдык кеӊештин депутаттары шайлашат.

Кенжебек Бокоев мэрлер түз шайланса гана күчтүү фигура болорун, бирок бийлик аларды элге түз шайлатуудан коркуп турганын айтат. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков азыркы шаардык кеӊешке жалаӊ курулуш компанияларынын өкүлдөрү, коррупционерлер чогулуп алышты деп чыкты. Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев бир кезде Бишкек менен бирдей деӊгээлдеги Ташкент, Дүйшөмбү өӊдүү шаарлар өнүгүп кеткенин, ал эми Кыргыз өлкөсүнүн борбору артта калганын мисал келтирди. Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов азыркы мыйзамдар менен мэрди түз шайлоого болбойт деген пикирде. Экс-чиновник: "мэрди эл түз шайласа, ал шаардык кеӊешти тоготпой өзү билгенин жасай башташы мүмкүн. Бул Кыргыз өлкөсү бет алган парламентаризм идеясына доо кетирет", - дейт. Эгемендүүлүк алгандан бери 1995-жылы Борис Силаев гана Бишкек мэрлигине түз шайланган. Бүгүнкү талкууда Силаев башында жакшы эле иштеп, кийин шаардык кеӊешти көзгө илбей көөп кеткен деп эскеришти. Алмаз Кененбаев башкаруучу коалиция бир нече талапкердин ичинен Азиз Суракматовду мэрлик кызматка татыктуу деп тандап алганын билдирди. 2019-жылы шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, татыксыз адамдардын парламентке, шаардык кеӊешке, аймактык кеӊешке депутат болушуна жол бербей турган систем түзүү керек деген пикир көп айтылды.

Ушул эле күнү өкмөт үйүнүн жанында Суракматовдун мэр болушуна каршы нааразычылык акциясы өттү. Бир топ жарандык активисттер КСДП партиясы 3 жолу Бишкекке мэрликке өкүлдөрүн алып келгенин, үчөөнө теӊ кылмыш иши ачылганын эскертишип, дагы бир КСДПнын кадры мэр болушуна каршы экенин айтып турушту.

Жогорудагы жыйынга барбай койгон Суракматов бул күнү Бишкекте күтүүсүз башка жыйын уюштурду. Ага шаардык кеӊештин айрым депутаттары, онго жакын шаар тургундары катышып, анда Суракматов мэр болуп калса эмне иштерди жасай турганын жар салды. Суракматовго белгилүү саясатчылар, жарандык активисттер, эксперттер уюштуруп жаткан талкууга барып, өзүнө карата айтылган сындарга жооп берүүгө караганда, өзүнө тилектеш адамдарды топтоп, алардын алдында өзүн татыктуу талапкер катары көрсөтүү алда канча оӊой көрүндү окшойт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан