Жоомарт Оторбаев Польшанын вице-премьер-министри менен жолугушту
Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев
экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) Варшава шаарында өткөн конференциясынын
алкагында Польшанын вице-премьер-министри Януш Пехочиньский менен жолугушту.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 28-июнда билдирди. Жолугушууда Жоомарт Оторбаев
Польшанын инвестиция чөйрөсүндө
Кыргызстандын жигердүү өнөктөшү болуп калышы үчүн бардык шарттар бар
экендигин белгиледи. Ошондой эле биринчи-вице-премьер-министр Кыргызстан
Польшанын динамикалуу өнүгүп жаткан Кытай рыногуна чыгышы үчүн көпүрө болуп
бере аларын айтты. Ага жооп кылып, Януш Пехочиньский кесиптешинин пикирин
колдоду жана айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, туризм тармактарын,
муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик жеке менчик кызматташтыкты
өнүктүрүүнү, ошондой эле экологиялык таза азык-түлүктөрдү өндүрүүнү жана эки
тараптуу мамилелерди өнүктүрүү ишин келечектүү багыттар катары белгиледи.