2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча айыпталып жаткандардын жактоочусу, “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын юристи Абдыкерим Аширов көз жумду. Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 28-июнда “Жашы жете электерге карата сот акыйкаттыгын арттыруу” темасындагы семинарга катышып жаткан. Семинар учурунда ал өзүн жаман сезип баштап, текшерген дарыгерлер ага “инфаркт” диагнозун коюшкан. Эске салсак, Абдыкерим Аширов Апрель окуялары боюнча сотто “2 жана андан көп митингчилерди өлтүргөн” деп айыпталып жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүн жактап келген.