Венесуэланын президентинин өмүрүнө дрон менен кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
4-август күнү Улуттук гвардиянын 81-жылдыгына арналган аскердик жүрүштө өлкө башчы өзүнүн куттуктоо сөзүн айтып жаткан учурда асманда учуп жүргөн дрон жарылып кеткен. Бул окуядан Улуттук гвардиянын 7 жоокери жаракат алган. Бийлик өкүлдөрү эч кандай жаракат алган эмес.
Венесуэланын байланыш министри Хорхе Родригестин билдиргенине ылайык, жарылуучу зат орнотулган 2 дрон президент сүйлөп жаткан трибунадан алыс эмес жерде жарылган. Бул жарылуудан кийин өлкө башчысы расмий кайрылуу жасаган.
"Учуп жүргөн аппараттар менден алыс эмес жерде, менин көз алдымда жарылды. Алгач мен бул майрамдык салют экен деп ойлогом. Экинчи дрон жарылган соң элдер ызы-чуу боло баштады. Дрон мен жакка учуп келе жаткан, бирок ал жакта сүйүү калканы бар болчу. Мен дагы көп жыл жашайм деп ойлойм", - деген президент Николас Мадуро.
Азыркы тапта бул окуяга байланыштуу шектүү катары бир нече адам кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.