Жумгал районундагы Кабак айылын сел каптады

27-июндан 28-июнга караган түнү Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Кабак айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Өрнөк - Сары-Камыш унаа жолун сел агындылары тосуп калган. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн саат 10:30да ЖЭМ-24 ишканасынан 1 бульдозери тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда Жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Мындан сырткары Нарын районунун Учкун айылында да катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Куланак айылында 3 турак үй селдин курчоосунда калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан