Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. SUPER.KG порталынын "Бул демилге элге пайдалуубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жооп берди.
Анын пикиринде, Экономика министрлиги алгач өзү көмүскө экономикага себеп болуп жаткан кадрларынан тазаланып алышы керек.
"Көмүскө экономика тийиштүү мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүз ишке ашпайт. Биринчиден, өздөрүнүн арасындагы адамдарды тазалап алышы керек. Же эмне, өздөрү менен өздөрү күрөшөбүз деп жатышабы? Мамлекет иш орундарын түзүшү керек болчу. Бирок ал милдетти жеке ишкерлер аткарып жатат. Бул чөйрөдө жүргөндөр мамлекеттен жардам сурабайт. Болгону "бизге ашыкча тийбегиле" деп турушат. Көмүскө экономика менен күрөшүү үчүн алгач шарт түзүш керек. Азыр банктык терминалдар аймактарга коюлган эмес. Баары бул көйгөй өздөрүнөн чыгып жатканын билишет. Бирок токтоткула деп сын айтсаң, факт керек дешет. Салык төлөөдөн качкандар – министрлер, алардын орун басарлары же башка чоңдор. Жетекчилер өздөрү аралашып алып кантип анан салыкты жогорулатышат?" - дейт Сурабалдиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Айсулуу Мамашова, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.