Бокс боюнча Кыргыз курама командасы Казакстанда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө

Бокс боюнча Кыргыз курама командасы Казакстанда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бокс боюнча Кыргыз курама командасы Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарына Казакстандын Тараз шаарында даярдык көрүүдө. 1-августта башталган окуу-машыгуу жыйындарына башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев 12 мушкерди чакырган, алардын арасында эл аралык даражадагы спорт чебери Азат Үсөналиев бар.

Мушкерлердин окуу-машыгуу жыйындары 12-августта уланат.

Окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган Кыргыз мушкерлер:

  • 49 килограмм салмак ченинде:
    • Мирлан Түркбай уулу - спорт чебери;
    • Султан Асанкул уулу - спорт чеберине талапкер;
  • 52 килограмм салмак ченинде: Азат Үсөналиев - эл аралык даражадагы спорт чебери;
  • 56 килограмм салмак ченинде: Сирожидин Абдуллаев - спорт чебери;
  • 60 килограмм салмак ченинде:
    • Арген Кадырбек уулу - спорт чебери;
    • Умар Кубаныбек уулу - спорт чеберине талапкер;
  • 64 килограмм салмак ченинде:
    • Нурлан Кобашев - спорт чебери;
    • Абдурахман Абдурахманов - спорт чебери;
  • 69 килограмм салмак ченинде: Нурадин Рустамбек уулу - спорт чеберине талапкер;
  • 91 килограммдан жогору салмак ченинде: Ахмед Усупов - спорт чеберине талапкер;
  • 60 килограмм салмак ченинде: Фарида Пупова - спорт чеберине талапкер;
  • Ага машыктыруучулар: Кенжебек Акелбаев, Жылдыз Ниязалиев;
  • Башкы машыктыруучу: Данияр Жусубалиев;
  • Дарыгер: Анара Токторова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aisha02
2018-08-06 21:04:03
Оор атлетика боюнча кимдер кетип атат маалымат берип койосуздарбы урматтуу админ.
Изат Артыков эмне болуптур?
0
admin_media
2018-08-07 11:01:54
Aisha02,сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан