Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. SUPER.KG порталынын "Бул демилге элге пайдалуубу?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.
Анын айтымында, бул демилге ишке ашса, өлкөдө азык-түлүктүн баасы да жогорулайт.
"Салыктын бул түрү кыйыр салык деп аталат. Сатуудан алынган салыкты жогорулатуу элдин төмөнкү катмарына зыян алып келет. Байлар үчүн өтө деле таасири болбойт. Себеби эл азык-түлүктү дүкөндөн сатып алат. Бул салык жогоруласа, ишкерлер да жабыр тартып, продукциясы өтпөй баштайт. Соода түйүндөрүндө баалар өсөт. Себеби салык төлөп жаткандар чыгашасын чыгарып алуу үчүн баалардын үстүнө акча кошот. Дүйнөдө бул эзүүчү салык катары эсептелет. Эгер айлык акы жогору болсо, анда эл кыйналбайт эле. Коррупциялашкан, кедей мамлекеттер гана ушундай кадамга барат. Көмүскө экономика өсүп, байлар салык төлөбөй койгону үчүн элге жүк түшө баштады. Көмүскө экономиканын зыянын элге салык кылып чачуу менен толтурууну пландашууда", - деди Сарыбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдива, Айсулуу Мамашова, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жана Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.