Экономика министрлигинин өкүлү Кубан Айдаралиев салыкты көтөрүү демилгеси боюнча: "Бардык ишкерлерге бирдей шарт түзүлсүн деп ушул кадамга баруудабыз"

Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. SUPER.KG порталынын "Бул демилге элге пайдалуубу?" деген соболуна Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев жооп берди.

Айдаралиев бул демилгенин максаты бюджетти толтуруу эместигин баса белгиледи.

"Бул демилге ишке ашса атаандаштыкка шарт түзүлөт. Бир ишкер салык төлөп, экинчи ишкер төлөбөй адилеттүүлүк болбой калып жатат. Айрым ишкерлер банк аркылуу иш алып барышат. Анда салык төлөнөт. Накталай товар сатып алынганда көмүскө экономикага шарт түзүлөт. Бул салыктын түрүн ошол накталай соода жүргүзгөндөргө демилгелеп жатабыз. Накталай акча менен соода кылгандар 2 пайыз салык төлөшү мүмкүн. Демилге ишке ашса, ал салыкты төккүсү келбегендер которуу жолун тандоого өтүшөт. Учурда соода-сатыктын 30-40 пайызы накталай түрдө жүрүп жатат. Ишкердүүлүктө калыстык болуп, бардык ишкерлерге бирдей шарт түзүлсүн деп ушул кадамга барып жатабыз. Албетте, бул демилге көмүскө иштеген ишкерлерге жакпайт. Бул демилгенин жумушчу тобуна кошуу боюнча ишкерлер ассоциацияларына да маалымат жибергенбиз. Бирок бизге бир эле өкүлү келди. Салыкты көтөрүү менен бюджетти толтуралы деген ой жок. Ушул жылдын 7 айында эле салык 104 пайызга чогултулду. Бул демилге азырынча ой гана. Долбоор эми иштелип чыгат. Муну алгач өкмөт, кийин Жогорку Кеңеш колдошу керек. Кабыл алынбай калышы да мүмкүн. Бизди бул тууралуу ооз ачарыбыз менен сындап жатышат. Мындай мамиле туура эмес", - деди Айдаралиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдива, Айсулуу Мамашова, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жана экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан