Депутат Акылбек Жапаров: "Санариптик систем кирсе бюджеттин киреше бөлүгүгү 2-3 жылдын ичинде 2-3 эсеге жогоруламак"

Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. SUPER.KG порталынын "Бул демилге элге пайдалуубу?" деген соболуна Акылбек Жапаров жооп берди.

Акылбек Жапаров билдиргендей, салыкты көтөрүү - парламенттин укугу. "Жогорку Кеңешке андай мыйзам келе элек. Экономика министрлиги билдиргендей, эсепти электрондук түрдө жүргүзгөндөр үчүн салык көтөрүлбөйт. Накталай акча менен иш жүргүзгөндөрдү азайтуу максатында бул демилгени көтөрүп жатышат. 2 миллион 200 миң киши карточка алган. Анан ошонун баары электрондук түрдө төлөөгө өтүшү керек. Эл чочулабай эле койсо болот. Акыркы чекитти Жогорку Кеңеш коёт. Парламент кандай талкуу болбосун аны коом менен талкуулайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова, Эльвира Сурабалдива, Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан