"Барселона" футболдук клубу өзүнүн жаңы 31 жаштагы оюнчусун тааныштырды. Бул тууралуу клубдун Твиттердеги расмий баракчасына жарыяланды.
Чили улуттук курама командасынын жана "Бавария" футболдук клубунун оюнчусу Артуро Видаль "Барселона" менен 3 жылга келишим түздү. Трансфердин суммасы 25 миллион еврону түздү.
Футболчу жөн гана келишимге кол коюп, медициналык көзөмөлдөн өтпөстөн, "Барселонанын" формасын кийип "Камп Ноу" стадионунда топ менен ойногонго жетишкен.
Видаль 2015-жылдан баштап "Бавария" үчүн 92 оюн өткөрүп, 16 гол киргизгенге жетишкен.