Орусияда окуучу кыз 62 жаштагы селсаякты камкордугуна алды

Орусиянын Пермь шаарында окуучу кыз үй-жайы жок, кароосуз калган селсаякты камкордугуна алды. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Виолетта аттуу 16 жаштагы кыз Пермь шаарындагы мектептердин биринде билим алат. Ал сабактан келе жатып көчөдө түнөгөн, кароосуз калган кишини байкап, ага жардам берүүнү туура көрөт. Окуучу кыз 62 жаштагы Анатолийге кийим жана бир бөлмөлүү батирди ижарага алып берет. Аны менен байланышып туруу үчүн смартфон сатып берген. Ал эми Виолеттага каржылык жактан атасы жардам берген.

"Анын көздөрүндө аруулуктун, боорукерликтин нуру бар. Анын үстүнө астма оорусу менен жабыркайт. Жакында эле инсультка кабылып, жакшы баса албай калыптыр. Мен муктаж адамдарга дайыма жардам берип, камкордукка алгым келчү", - деген Виолетта.

Анатолий Пермь шаарына келгенге чейин Шикотан аралында балык уулап иштеген. Ал 10 жыл иштеген соң үйүнө кайтып келе жатканда аны жолдон каракчылар тоноп кеткен. Аялы үйүнө киргизбей кууп жиберген. Анатолий айласыздан өз энесинин үйүнө барса жээни киргизбей койгон. Ошондон бери ал көчөдө жашап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sezimka27
2018-08-07 10:02:22
молодец
+1
Nevestkaa
2018-08-07 10:16:03
Орустарда да өтө жакшы адамдар көп.
+1
Tyty1990
2018-08-07 11:00:43
ХХХ,ынсап бар дейт
0
admin_media
2018-08-07 12:00:25
Tyty1990, улуттар аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүү калтырууга тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан