Америкалык актёр, дүйнөлүк кинематографиянын тарыхындагы белгилүү 6 режиссёрдун бири Роберт Редфорд актёрдук карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу чет элдик маалыматтар Роберт Редфорддун берген маегине таянып жазып чыгышты.
82 жаштагы актёр "Карыя жана курал" драмасына тартылгандан кийин актёрлук карьерасын жыйынтыктайт. Аталган тасма күз мезгилинен тарта көрсөтүлө баштайт. Ал жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде "мен бир чечимге келдим, ушул тасмадагы ролум акыркысы болот. Эми мен пенсияга чыкканга даярданам. Анткени тасма талаасында 21 жашымдан бери жүрөм" деген.
Роберт Редфорд "Бутч Кэссиди жана Сандэнс Кид", "Көз боёмоочулук" жана башка тасмалардагы ролу менен белгилүү болгон. Ал эми "Жөнөкөй адам" тасмасына режиссёрлук кылганы үчүн "Оскар" сыйлыгын алган.