Жеке ишкер Тилек Жаныкеев БШКдан Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеваны мандатынан ажыратууну суранууда. Жаныкеевдин айтымына караганда, Урмат Аманбаева 5 жыл мурун анын имаратын ижарага алган. Бирок азыркы күндө имаратты кайтарып бербей жатат. "Сотко бергем, бирок сот эч себепсиз эле сот процессин жылдырып жатат. Урмат Аманбаева депутаттыгын пайдаланып сотко катышпай келүүдө",- дейт жабырлануучу.