Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын абактарында 28 террорчу жаза мөөнөтүн өтөөдө

КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ЕККУ менен биргеликте Бишкек шаарында “Пенитенциардык системдеги террорчулукка алып келүүчү зордукчу экстремизмге жана радикализацияга каршы аракет” деген аталыштагы семинар өткөрдү. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы билдирди. Семинардын ишине ЖАМКнын мекемелеринин бардык жетекчилери жана орун басарлары катышты. Алардын алдында Орусиядан, Казакстандан келген жана кыргызстандык адистер сөз сүйлөштү. Учурда ЖАМКнын мекемелеринде диний-экстремисттик жана террорчулук ишмердиги үчүн 79 киши жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 28и террорчулук, 51и экстремизм боюнча соттолгондор. Белгилей кетчү нерсе, экстремисттерди жана террорчуларды коомчулуктан бөлүп, оор жана өтө оор кылмыштар менен соттолгондор отурган колонияларга киргизүү өлкөбүздөгү экстремизм менен терроризм көйгөйлөрүн чечпейт. Диний экстремизм жана террорчулукка байланыштуу акыркы окуяларды эске алып, белгиленген режимге ылайык, алар ЖАМКнын ар кайсы мекемелеринде чоң эмес топторго бөлүнүп кармалган. Алар тараптан башка соттолгондорду диний экстремизм жана терроризм идеяларына тартып кетүү коркунучу болгондуктан, келечекте мындай категорияда соттолгондорду өзүнчө мекемеде жана камералык шартта кармоо сунушталууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан