Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 8 спортчу катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.
18-август - 2-сентябрь аралыгында Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүүчү Жайкы Азия оюндарынын дзюдо боюнча мелдешинде өлкөбүздөн 8 спортчу катышат. Алардын арасында Артур Тё, Бектур Рысмамбетов, Бекболот Токтогонов, Ксения Бельдягина жана башкалар бар.
Ошондой эле Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнөн Айзада Кыдыралиева калыс катары кызмат кылат.
Дзюдо боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына даярдануу максатында Ысык-Көлдө жана Испаниянын Барселона шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.
Жайкы Азия оюндарына катыша турган дзюдочулар:
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Тё;
73 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысмамбетов;
81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;
90 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов;
100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Бекболот Токтогонов;
57 килограммга чейинки салмак ченинде: Ксения Бельдягина;
70 килограмм салмак ченинде: Айжан Кадырбекова;
Башкы машыктыруучу: Сергей Мистрюков.