Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көл районунун тургундары жаңы дайындалган облус башчысы Эмил Каптагаевди колдоо максатында облус администрациясына келишип митинг өткөрүштү. Жолугушууга чыккан Каптагаев аларга ыраазычылык билдирип, "мага колдоо көрсөтүп келгениңиздер үчүн рахмат, келечекте кандай идеяңар болсо кайрылгыла, мен колдоп берем. Жакынкы күндөрү "Кумтөр" маселеси боюнча да, Балыкчы шаарындагы экопост боюнча дагы көйгөйлөр чечилет",- деп белгиледи. Жыйындын катышуучулары Каптагаевдин алдыдагы иштерине ийгилик каалап, ак калпак кийгизишип, чепкен жабышты. Андан соң үйлөрүнө таркап кетишти.