17-18-июль күндөрү өлкөдө 3 шаардын мэрлери шайланат
БШКнын мүчөлөрү бүгүн, 28-июндагы жыйынында 19 айыл
өкмөтүн жана 3 шаардын мэрлерин шайлоо күнүн белгилешти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма
сөз кызматы билдирди. 17-18-июлда Майлы-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак шаарларынын мерлери шайланат.
Ошол эле күндөрү 19 айылда айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт.