27-июнда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө министр Америка тарапка президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган, “Кыргызстандын өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосундагы "Манас" эл аралык аэропортундагы Транзиттик жүк ташуучу борбор боюнча” макулдашууну денонсациялоо жөнүндө мыйзамы боюнча түшүндүрүп өттү. Бул макулдашуу 2014-жылдын 11-июлунда күчүн жоготот. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун башка тармактардагы эки тараптуу мамиленин абалын да талкууга алышып, алардын эки тараптын кызыкчылыгындагы комплекстүү өнүгүү зарылчылыгын белгилешип, олуттуу маселелер боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүп турууну макулдашышты.