Катуу жааган жамгырдан улам Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Дардаң-Дөбө айылындагы Томаяк сайынан сел түшүп Кербен-Таш-Көмүр унаа жолун тосуп калды. Мындан сырткары аталган айылга караштуу 40тай кой-эчкини сел агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 28-июнда билдирди. Учурда аталган жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Райондун бир катар башка айылдарында да селдин айынан жолдорго жана көпүрөлөргө коркунуч жаралууда. Мукур айылында зым карагай кулап, 373 үй жарыксыз калды.