Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун өзүнүн агасы Абубакир Нурмагомедов менен үй-жайсыз адамдарды акча үчүн көнүгүү жасаткандагы видеосу кескин сынга кабылды.
Мушкер социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн. Чет элдик маалымат булактары ал видеону Хабиб Нурмагомедов өзү тартканын жазышууда. Андан агасы Абубакир көчөдөгү үй-жайсыз адамдарды акча үчүн көнүгүү жасатып жатканын көрүүгө болот.
Мушкердин агасы менен болгон кылыгы көпчүлүктүн кескин сынына кабылган. Интернет колдонуучулар бир туугандар үй-жайсыз, колдоого муктаж болгон адамдарды шылдыңдаганы бул көпкөндүктүн белгиси экенин жазып чыгышкан. Кийин аталган видеону мушкер өзүнүн баракчасынан өчүрүп салган.
Белгилүү спорттук The MMA Bible баракчасынын жазганына таянсак, видео АКШда тартылган. Хабиб Нурмагомедов азыркы тапта АКШда 6-октябрда ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен боло турган беттешке даярданып жаткан мезгили.