Юстиция министри Айнур Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов иштегенине 4 ай боло элек жатып кызматынан бошотулушту. SUPER.KG порталынын "Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?" деген соболуна саясий ишмер Эмилбек Каптагаев жооп берди.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикиринде, учурда өлкөдөгү кадр саясаты 4 фракциядан турган коалиция менен президенттин колунда.
"Азыр өкмөт мүчөлөрү болобу же аткаруу бийлигинин башка түзүмдөрү болобу кадрлардын алмашып жатканына түшүнүү менен мамиле кылуу туура болот го деп ойлойм. Анткени өлкөдө бийлик алмашты, Атамбаевдин өзүм билемдик жеке бийлиги урап түштү. Азыр президент дагы, өкмөт башчы дагы жаңы. Алар өз моюнуна жүктөлгөн оор милдеттин, оор жүктүн салмагын сезе башташты. Эл алдындагы, мамлекет алдындагы аткара турган милдеттерин даана көрө башташты. Аларда жаңы ой, жаңы пикир, жаңы пландар жаралып жатат. Демек, кадрларга карата дагы, алардын дареметине дагы пикир өзгөрөт, бул да табигый эле нерсе. Юстиция министри болгон Айнур Абдылдаеваны дагы, аппарат башчысы болгон Мурат Мукамбетовду дагы жакшы билем, экөө тең билимдери терең, тажрыйбалуу кызматкерлер. Башка кандай тармакты тапшырса дагы камчы салдырбай иштеп кете алышат. Ошондуктан ал экөөнүн потенциалын өкмөт дагы пайдаланат деген ойдомун. Ал эми "кадр маселесин ким чечип жатат" деген суроого бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес. Анткени өлкөдөгү бийлик 4 саясий партиядан турган коалициянын колунда турат. Өкмөттүн курамын мына ошол 4 фракция аныктайт, алардын пикирлери эске алынат, ошону менен бирге президенттин да таасири сөзсүз болот. Кандайдыр бир деңгээлде анын көз карашы эске алынат. Бирок бир нерсени так айта алам, азырынча мурдагы президент Атамбаевдин тушундагыдай кадр маселесинде "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген саясаттын белгилерин байкай алган жокмун", - деди Каптагаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясий ишмерлер Кубатбек Байболов, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучулар Марат Казакбаев, Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.