ЖЫЛНААМА, 8-АВГУСТ: "Мага боз улан эмес, чыныгы эркек керек". Ушундай ыр саптар менен дүң болгон корейлердин "BlackPink" тобу эки жыл мурун дебют жасаган

Ырдоо өзгөчөлүгү, бийлериндеги жаңычылдык жана кыздардын сулуулугу, назиктиги менен популярдуулугун сактап келе жаткан Түштүк Кореядагы "BlackPink" тобу мындан эки жыл мурун дебют жасаган.

Розэ, Женни, Жису жана Лиса аттуу кыздардан турган квартет алгачкы жолу 8-августта 2016-жылы "Ышкырык" деген ыры менен чыгып, дароо эле фаворит боло алышкан. K-POP индустриясындагы мыкты "Girls band" аталган топ бүгүнкү күндө да музыкалык чарттарда лидер катары келе жатат. Ырдаганда, бийлегенде ар биринин өз позициясы бар, кийимдери да түрдүү. Сүрдүү да, сүйкүмдүү да боло алган кыздар тобунда лидердин жок экени да өзгөчөлүк катары белгиленет.

Топтун ар бир чыгармасы хит боло алган. Ырлары корей тилинде болсо, рэп бөлүгүн англис тилинде аткарышат. Японияда өткөн концертинде кыздар ырларын япон тилинде да ырдашат. Топтун атактуу чыгармалары – "Ышкырык" ("Whistle"), "Boombayah", "От менен ойноп жатып" ("Playing With Fire"), "Мени менен калчы" ("Stay"), "Акыркы жолкудай..." ("As If It’s Your Last"), "Ту-ду-ту-ду" ("DDU-DU DDU-DU"), "Дайыма жаш бойдон" ("Forever Young") жана башкалар.Топтун Инстаграмдагы расмий баракчасына 11 миллиондон ашык адам жазылган. Ырчы кыздардын өздүк баракчаларында да ар бирине 5 миллиондон 6 миллионго чейин окурман жазылган. Кызыгы, кыздар өздөрү эч кимге жазылышкан эмес.

"BlackPink" тобу июнь айында "Ту-ду-ту-ду" аталышындагы ырын элге тартуулады. Клиптеги жасалга, креативдүүлүк, кыздардын кийимдери, бийи дароо элге тарап, колуна тапанча кармап атып жатканды көрсөткөн бийди туурагандардын саны арбыды. Ушул эле ыр акыркы эки ай ичинде Түштүк Кореядагы музыкалык сынактарда алдыңкы орунду алган. Ал эми тартылган клипти YouTube айдыңында 260 миллиондон ашык көрүүчү көргөн. Муну менен топ рекордду жаңылады. Клип 50 күндөн ашык убакытта ушундай көрсөткүчкө жеткен. Буга чейин рекорд BTS тобунун "Fake Love" клибине таандык болгон эле.

8-августтун жылнаамасы.

Blackpink - DDU-DU DDU-DU (Official Video)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан