КҮНСЕРЕП: Сапар Исаков тандаган министрлер кызматтан алынды. Уландысы бар...

Бүгүн, 8-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек шаары бир айга жетпеген убакыт аралыгында жаңы башчылуу болду. Жыйынга келген Бишкек шаардык кеңешинин 45 депутатынын 43ү жалгыз талапкер Азиз Суракматовду колдоп добуш берди. Каршы добуш берген жалгыз "баатырдын" аты-жөнү шайлоо жашыруун өткөнү үчүн белгисиз бойдон калды.

Ош шаардык кеңеши сыяктуу эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары да Азиз Суракматовдун программасын угуп, талкуулап убара болушпады. 43 депутаттын суроо-талкуусуз колдоосу Бишкектин башчысын бош турган вакансияга "дайындап" койгондой эле көрүндү.

Ош шаарынын мэрин шайлоодон айырмасы – бул мүнөттөрдө шаардык кеңештин депутаттарына сырттагы митингчилердин "позор" деп кыйкырганы угулуп турганы болду. Жарандык активисттер жана саясатчылардан турган топ Азиз Суракматов атаандашсыз шайланып жатканына нааразычылыгын билдирип келишкен. Алар мындайга жол берген шаардык кеңешти таркатуу керектигин да талап кылып чыгышты. Жарандык коомдун үнү шаардык кеңешке жетпеген бойдон калып, бирок бир сын-пикири кабыл алынганы көрүндү. Азиз Суракматовго шайланган соң салтка айланып калгандай калпак-чапан кийгизилбей, колуна калем тапшырылды. Буга чейин жарандык активист Мавлян Аскарбеков тегерек столдордун биринде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевге кайрылып "Маселе мэрлерде эмес, маселе ошол паракор менен ууруларга калпак кийгизип, чапан жапкан депутаттарда. Алмаз Муканович (ред. Алмаз Кененбаев), мына сиз Түлеев менен иштешип, Өмүркулов, Кулматов, Ибраимовго калпак кийгизбедиңиз беле?" деген эле.

Азиз Суракматовдун курулуш империясы бар, ал шаар башчылыгына келсе кызыкчылыктардын кагылышы орун алат деген олуттуу сын да суу кечпеди. Кылмыш иштери козголуп, учурда камакта отурган Албек Ибраимовдун шаар башчы болгонго чейин 30 гектардан ашуун жерди ээлеген үйдө жашаары белгисиз эле. Мэрликтен түшкөндөн кийин ага карата шаардын балансында турган жер тилкелерди коррупциялык схемалар аркылуу сатып жиберген деген айып тагылып отурат. Бир эле Албек Ибраимов эмес, Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, булардын баарына шаар мэри болуп турган учурундагы аракеттеринен улам кылмыш иштери козголгон. Азиз Суракматов "камалам деп корккон жокмун, мен таза иштейм" деп жооп кайтарды. Анткен менен "мен таза иштебейм, уурдайм-жейм" деп кызматка келген бир да адам боло элек...

Акыркы 2 күндүн ичинде 2 министр кызматынан бошотулду. Кечээ юстиция министри Айнур Абдылдаева, бүгүн өкмөттүк аппараттын жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов башка кызматка которулат деген жүйө менен кызматтан кетишти. Аталган эки министрдин тең иштегенине 4 ай боло элек болчу. Коомчулукта алардын кызматтан кетүүсүнүн чыныгы себебине кызыккандар көп болду.

Айнур Абдылдаева менен Мурат Мукамбетов кызматтан удаа бошотулгандай эле алардын кызматка келиши да бир убакытта болгон. Ушул жылдын 11-апрелинде Абдылдаеванын юстиция министрине, Мукамбетовдун өкмөттүн аппарат башчылыгына талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырган. 13-апрелде президент алардын кызматка дайындалышы боюнча жарлыктарга кол койгон. Ошол маалда бул эки адамды кызматка алып келген Сапар Исаков өкмөт башчылыктан ишенбестик көрсөтүү жолу аркылуу алынып, эки министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамында 25-апрелде ант беришкен. Айнур Абдылдаева менен Мурат Мукамбетов Сапар Исаковдун өкмөт башында иштеп жаткан акыркы күндөрүндө министрлик кабинетке алып келген кадрлары болгонун эске алсак, анда экөөнүн удаасынан кызматтан бошотулушунун себеби эмнеде экени түшүнүктүү болуп калат.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан бери адегенде негизги фигуралар – президенттик аппараттын жетекчилиги, УКМКнын төрагасы, башкы прокурор, өкмөт башчы алмашкан. Акыркы учурда облус башчылыгы жана шаар башчылыгына бийликтин өз адамдары кызматка келүүдө. Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин биринчи жолу удаасынан 2 министр кызматынан бошотулду. "Өзгөлөрдү айдоо, өз адамдарын "чайлоо" саясатынын жыйынтыктоочу этабы келе жаткан күздө ишке ашырылары шексиз...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан