Эми популярдуу тасмаларга да "Оскар" сыйлыгы бериле баштайт

Америкалык киноакадемия 2019-жылдан баштап "Оскар" сыйлыгына жаңы номинация кошот. Ага ылайык эл арасында популярдуу болуп, эң көп киреше таба алган тасмаларга да сыйлык берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бул номинацияга "Өч алуучулар" (Мстители), "Ээ-жаа бербеген Макс" (Безумный Макс) сыяктуу белгилүү тасмалар көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Мындан сырткары сыйлык тапшыруу аземинин убактысы 4 сааттан 3 саатка чейин кыскара турганы белгилүү болду. Көрүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн ушундай болгону айтылат. Буга байланыштуу кээ бир наамдар жарнамалык тыныгуу учурунда тапшырылат.

Акыркы 5 жыл ичинде "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземин көргөндөрдүн саны кескин түрдө азайган. 2013-2014-жылдары кино тармагындагы престиждүү саамалыкты 40 миллиондон ашык адам көрсө, 2018-жылы аземди 26,5 миллион көрүүчү көргөн. "Оскар" сыйлыгы 2019-жылы 24-февралда тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан