ЖЫЛНААМА, 10-АВГУСТ: Адамзат тарыхындагы эң алгачкы "космостук үйлөнүү". Мындан 15 жыл мурун орусиялык космонавт Юрий Маленченко үйлөнүү тоюн космосто өткөргөн

Мындан 15 жыл мурун, 2003-жылдын 10-августунда орусиялык космонавт Юрий Маленченко менен орус улутундагы АКШнын жараны Екатерина Дмитриева үйлөнүү аземин космосто өткөрүшкөн. Бул адамзат тарыхындагы эң алгачкы "космостук үйлөнүү" болуп калган.

Кызыгы кыз жерде, жигит орбитада эле. Эл аралык космостук станция Жер планетасынан 350 чакырым бийиктикте учуп жүргөндүктөн жигит ошончо алыстыкка карабай үйлөнүү үлпөттү өткөрүүнү чечкен.

Алар экран аркылуу бири-бирине карап нике шакектерин салынышкан. "Үлпөт тойдо" Екатерина Дмитриева жолдошунун сүрөтү түшүрүлгөн чоӊ плакат менен сүрөткө түшкөн. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Кийин Юрий Жерге кайтып келген соӊ Орусияда никеге турушкан. Жубайлар 2006-жылы Камилла аттуу кыздуу болушкан. Ал эми Юрийдин 1-жубайынан Дмитрий аттуу уулу бар.

10-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek_tash
2018-08-10 11:31:30
Нике түн кандай болуптур эле а?)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан