Бүгүн, 28-июнда депутат Ыргал Кадыралиева Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушундагы аймактык милиция бөлүмчөнүн ачылышына катышты. Ошондой эле иш-чарага Бишкек ШИИБинин башчысы Мелис Турганбаев, аталган конуштун тургундары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. “Жаңы конуштарда атайын бөлүмчөлөрдүн ачылышы кылмыштуулуктун азайышына шарт түзөт. Бул үчүн ал жерде иштегендерге толук кандуу шарт түзүп беришибиз керек. Ошондо гана иш алдыга жылат”,- деди депутат. Шаардык милициянын башчысы генерал-майор Мелис Турганбаев да сөз сүйлөп, аймактарда милиция бөлүмдөрүнүн ачылышы менен кылмыштуулуктун саны азайып жатканын белгиледи.